КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаров иш сапары менен Ташкентке келди.

Аны Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропорттон Өзбекстандын мремьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынына, ошондой эле III Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышат.

Иш-чаранын алкагында эки тараптуу жолугушуулар, ошондой эле энергетика жана курулуш компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр болот.

От admin