Алдын ала маалымат боюнча 1963- жылы туулган П. И. атуу эркек киши Аксы районуна караштуу Уч-Коргон айыл аймагынын Кыз-Жар айылында Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 6-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, Ак-Сы райондук №30 ӨККБдан 4 куткаруучу, Таш-Көмур шаардык №57 ӨККБдан 4 куткаруучу жана ИИМден 2 кызматкер ошондой эле жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.

От admin