Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Россия президенти Владимир Путинди “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапарынын алкагында Россия президенти Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

От admin