
.
Коргоо министрлиги 2-февралдан 20-февралга чейин республиканын бардык аймактарындагы жалпы орто жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында кесиптик багыт берүү иштерин жүргүзүүдө.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул иш-чаралар жаштарды аскердик-мекенчилдикке тарбиялоону чыңдоого, келечектеги кесипти аң-сезимдүү тандоого шарт түзүүгө, ошондой эле окуучулардын Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин аскердик билим берүү уюмдарында окууга жана аскердик кызматка болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.
Аскер кесибин тандаган 9-класстын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз улуттук аскер лицейине (КУАЛ) тапшыра алышат. Ал эми мектептердин, лицейлердин, колледждердин жана КУАЛдын бүтүрүүчүлөрү Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунда же чет өлкөлүк аскердик билим берүү уюмдарында окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын курсанттары Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Кытайдын 30дан ашуун аскердик билим берүү уюмдарында, ошондой эле Бишкек шаарында жайгашкан Аскердик институтунда билим алышууда.
Аталган жогорку аскердик билим берүү уюмдарынын курсанттары акысыз сапаттуу жогорку билим алып, толугу менен мамлекеттик камсыздоодо болушат.
Аскердик билим берүү уюмдарын бүтүргөндөргө тандаган адистиги боюнча жогорку билими тууралуу диплом берилет жана милдеттүү түрдө жумушка орноштуруу кепилденет. Мындай деңгээлдеги адистер Куралдуу күчтөрдө гана эмес, жарандык тармакта да талапка ээ.
Аскердик билим берүү уюмдарына тапшыруу тартиби тууралуу кеңири маалыматты Коргоо министрлигинин www.mil.gov.kg расмий сайтынын «Билим берүү» бөлүмүнөн алууга болот.

