27-август күнү Бишкекте муфтияттын жаңы курулган баш кеңсесинин ачылыш аземи болуп, ал жерге коррупция боюнча соттолгон «Раим миллион» атка конгон Райымбек Матраимов жана бир катар ырчы, блогерлер барган.

Балбан Акжол Махмудов, ырчы Омар, ТикТокчу Аргенбайды, актёр, шоумен Нурсултан Курсанали уулун, модель Аскат Осмоновду, фотограф Эржан Кадырбековду, шоумен, актер Эмил Токтошевди, блогер Байэль Байгазиевтердин Раимбек Матраимов менен түшкөн сүрөтү сынга алынган.

Kaktus.media басылмасына Аргенбай саясат боюнча түшүнүгү жок экенин айткан. «Мен имарат кимдин атынан курулуп жатканын билген эмесмин. Саясат боюнча такыр түшүнүгүм жок. Мен жөн эле муфтият ачылып жатат деген ой менен баргам. Ал байкени соцтармакка киргизген эмесмин. Аягында чогуу сүрөткө түшүп койчу дегенинен түшкөм. Матраимов дегенди уккам. Азыр кичине өкүнүп калдым. Барбай эле койсом болмок экен. Болгон иш болду», — деди ал.

От admin