27-август күнү Бишкекте муфтияттын жаңы курулган баш кеңсесинин ачылыш аземи болуп, ал жерге коррупция боюнча соттолгон «Раим миллион» атка конгон Райымбек Матраимов жана бир катар ырчы, блогерлер барган.

Балбан Акжол Махмудов, ырчы Омар, ТикТокчу Аргенбайды, актёр, шоумен Нурсултан Курсанали уулун, модель Аскат Осмоновду, фотограф Эржан Кадырбековду, шоумен, актер Эмил Токтошевди, блогер Байэль Байгазиевтердин Раимбек Матраимов менен түшкөн сүрөтү сынга алынган.

Kaktus.media басылмасына ырчы Омар сүрөт боюнча комментарий берди. «Элге деле капам жок. Элдин да оюн түшүнүп жатам. Коридордо кетип бара жатканда видеого тартылып калдык. Мен ал жакка муфтияттын чакыруучу менен баргам. Муфтий мени өзү чакырган. Мен ырдайм го деп баргам. Муфтияттын кимдин акчасына салынып жатканын ошол жакка барганда билдим. Коридордо өтүп баратканда сүрөткө тартып коёлу деди. Мен ал киши менен тааныш эмесмин. Мурда тойлордо көрүшүп калчубуз», — деди ал.

От admin