Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынганын билдирди.
ИИМ төмөнкүдөй бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландоодо:
— жол эрежесин бузган айдоочуларды кайра экзамен тапшырууга жиберүүгө;
— мас абалында унаа айдаган учурда айдоочунун күбөлүгүнөн ажыратуу, ал тургай өмүр бою ажыратуу боюнча эрежелер бар;
— 30 күнгө чейин 70% арзандатуу менен айып төлөөгө мүмкүнчүлүк берүү;
— автомектептерди лицензиялоо, автоунааны каттоо, укуктарды берүү жана башка ыйгарым укуктарды Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө президенттин жарлыгын мыйзамдаштыруу;
— кээ бир жол эрежесин бузуулар үчүн айыптарды көбөйтүү.