и блогер
9 / 100

Бүгүн, 17-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев интернет тармагындагы блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев Анатолий Разгоняевдин Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору бааларын белгилеп, белек катары колуна камчы карматып, башына ак калпак кийгизди.

Патриоттук духта блогердик ишмердигин улантышы керектигин сунуштады. Көп улуттуу Кыргызстандын ар бир жаранын, кайсыл улуттун өкүлү экендигине карабастан мамлекетибизди чын дилден сүйүүгө чакырды. Бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Разгоняев А.В tolik_kyrgyz1 аталышындагы тик-ток тиркемесинде кыргыз тилинде ишмердүүлүк кылып келет.

2ташиев и блогер

Loading

От admin