озбек соода
8 / 100

Кыргызстан менен Өзбекстан соода потенциалын арттыруу максатында Бишкек жана Ташкентте соода үйлөрүн ачууга максималдуу түрдө жардамдашат. Мындай чечим кечээ, 16-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отурумунун кабыл алынды.

КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, ошону менен бирге өзбек тарап Кыргызстандын соода комплекси жана эркин соода аймагы болгон “Термез” эл аралык соода борбору” долбооруна катышуусуна көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

Термез эл аралык борбору жайгашкандыгына байланыштуу Өзбекстан менен гана эмес, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен (Түркмөнстан, Афганистан, Пакистан, Индия, Иран менен) тышкы сооданын көлөмүн жана интенсивдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Алдыга коюлган милдеттерди бекемдөө максатында Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык унааларды чогултууну уюштуруу боюнча биргелешкен долбоор ишке ашырылып жатат.

Ошону менен бирге тараптар Өзбекстанда чыгарылган тракторлордун сыноо партиясын (ТАТ 90) Кыргызстанга жеткирүү жөнүндө макулдашууга жетишти.

КР Экономика жана коммерция министрлиги менен “Өзтекстильпром” ассоциациясы жогорку кошумча нарк менен даяр продукцияны өндүрүү жана аны андан ары үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттоо үчүн биргелешкен текстиль кластерлерин түзүү мүмкүнчүлүгүн карашат.

Loading

От admin