5426876627050158989
10 / 100

Кечээ соцтармакта эвакуатордун талкаланган машина менен уйду жүктөп бараткан сүрөтү тараган

Анда уйдун эвакуатордун эң артында, башы жерге сүйрөлүп жүктөлүп баратканын көрүүгө болот. Бул көрүнүш интернет колдонуучулардын кыжырын келтирип, айрымдары уйду тирүү деп ойлошкон.

ЖКККББ окуянын чоо-жайын айтты. Ага ылайык, болжол менен саат 10:00дө Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында KIA үлгүсүндөгү автоунаа жолго чыга калган уйду өлтүрө сүзгөн.

Малды өзүнчө жүктөп кеткенге машина болбогондуктан, экөөнү тең (машинаны да, уйду да) эвакуатор менен алып кетишкен.

KIA айып короого токтотулса, өлгөн мал ээсин табыш үчүн айыл өкмөткө өткөрүлгөн.

Loading

От admin