01 RIAN 3190775.HR .ru
8 / 100

Депутат Сүйүн Өмүрзаков (мурда ИИМ башчысынын биринчи орун басары болгон) иштеп чыккан мыйзам долбооруна бул ирет Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов жана Ырысбек Атажанов демилгелеш болуп, мыйзам долбоору жаңыланып чыккан.

Авторлор мыйзамга баш ийбегени аз келгенсип ИИМдин милиционерин (аскер кызматкери) соцтармакта укук коргоо органдарын каралоо максатында видеого тартып алган жаранды 5-7 суткага камоо же 5000 сом айып пул салууну сунушташууда.

Негиздемеде милиционерлер өз милдетин аткарып жатканы менен интернетте аларды коомчулукка уяткарып жаткан учурлар болгону айтылган.

«Мындай аракеттер укук коргоо органдарынын кызматкерлерин гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин аброюна доо кетирет«, — деп жазылат документте.

Loading

От admin