cce40269 1eb2 453a 8386 8ff8e543d0b1
10 / 100

2024-жылдын 17-сентябрынан 18-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы тарабынан бекитилген 2024-жылга карата окуу планына ылайык, аскер бөлүгүндө картадагы командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлүүдө.
Машыгууга тартылган аскер бөлүктөр күжүрмөн даярдыкка келтирилип, дайындалган өткөрүү жерине барышып аскер бөлүктөрдүн башкаруу пунктуларын жайгаштырышты.
Машыгуунун максаты — офицерлердин күжүрмөн даярдыкта практикалык чеберчиликтерин өнүктүрүү, күжүрмөн даярдыктын жүрүшүндө аскер бөлүктөрдү жана бөлүкчөлөрдү башкаруу, ар тараптуу камсыздоону уюштуруу жана ишке ашыруу, башкаруу пунктуларынын ишмердүүлүгүн координациялоо, окуп үйрөнүүчүлөрдүн бөлүктөрдү башкарууда кужүрмөн жана моралдык-психологиялык сапаттарын кемчиликсиз ыкмаларын өндүрүү болуп саналат.
Машыгуунун жүрүшүндө карта колдонуу менен аракеттер жана тапшырмалар такталып, учурдагы тактикалык кырдаалга ылайык кабыл алынган чечимдер боюнча кызмат адамдарынын баяндамалары угулду.
Ошондой эле КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов тарабынан командалык-штабдык машыгуулардын жүрүшү текшерилип, азыркы талаптарга ылайык интенсивдүү машыгууларды өткөрүүгө мүмкүндүк бере турган материалдык базасы менен таанышты.

Loading

От admin