f5b4c125 5c2a 4040 b389 5a4387c1d31a
9 / 100

КР УКМК тарабынан Талас облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө 2024-жылдын 17-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында, ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Ч.Р.Ж.га карата кылмыш ишин козгоону токтоткондугу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен Талас шаарынын ИИБнын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Б.Б.Т. кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Азыркы учурда жогоруда аталган укукка каршы жосунга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Loading

От admin