MyCollages 1
9 / 100

ЖМКлардын маалыматы боюнча, кармалгандар депутаттын жардамчылары экени айтылууда.

Фракциянын лидери Жанар Акаев бул боюнча үн катты:

“Урматтуу депутаттар! Өзүңуздөргө маалым болгондой, азыр бүт массалык маалымат каражаттарында «Альянс» фракциясынын депутаты Гүлкан Сакиновнанын кабинетин тинтүү болуп жатат деген маалыматтар чыгып кетти. Бул Молдобекованын өзүнө тиешеси жок, такыр башка маселе. Депутат учурда төрага менен биргеликте Өзбекстанда иш сапарда жүрөт. Депутат жөнүндө эч кандай маселе жок”, — деди Акаев.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын кабинетинде УКМК тарабынан тинтүү жүрүп, эки адам кармалды деген маалымат тараган.

Loading

От admin