экрана 2024 09 12 164011
12 / 100

Бүгүн, 12-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кандай маселелер” саатында депутат Марат Мураталиев Талас облусунун аймагындагы бир катар жол жана мектеп имараттарынын курулуштарын бүтүрүү маселесине токтолду:

✅️Ч.Айтматов районундагы Чолпонбай айыл аймагына караштуу Жоон-Дөбө, Жийде, Молдо-Асан айылдарынын ички жолдору боюнча токтолуп, Жоон-Дөбө айылындагы №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты эскилиги жеткендиктен оңдоп түзүү иштери каралбай жатат деп белгиледи.

✅️Манас району Талас–Нылды–Покровка жолуна план боюнча 22 чакырымга асфальт төшөө иштеринен, 3 чакырым жерге гана асфальт төшөлгөнүн билдирди.

✅️Бакай-Ата районундагы Д.Батырбашиев жана Т.Чолушев атындагы орто мектептери.

✅️Талас районундагы Аксай айылындагы Б.Жанузаков атындагы орто мектебине каражат маселеси.

Талас районундагы Көпрө-Базар айылында 25 оорундуу ооруканасы.

Жогоруда айтылган көйгөйлөрдүн каражат маселесин карап берип, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берүүнү сунуштады.

Loading

От admin