WhatsApp Image 2024 09 18 at 12.12.52
8 / 100

КР УКМК тарабынан жоюлган кримавторитет Камчы Асанбек
(Камчы Көлбаев ) менен каржылык байланышта болгон «Аю Холдинг»
компаниясынын мурдагы президенти О.Б.А. кармалды. Мындан тышкары,
кармалган О.Б.А.нын Өзбекстан Республикасынын кылмыштуу тобунун
лидери, 2024-жылдын август айында КР аймагында издөө жарыяланган
Салим Абдувалиев (Салим бойвачча) менен да байланышы аныкталып, ал
Өзбекстан Республикасында бизнес жүргүзүүдө колдоо алуу максатында аны
менен мамиле курган.
О.Б.А. менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал
мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу тенденцияларды белгилеп,
Кыргызстандын саясий багытын колдоорун билдирип, уюшкан кылмыштуу
топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш
тартуу боюнча милдеттенме кабыл алынды.
Азыркы учурда кармалган О.Б.А. нын өлкөнүн криминалдык
түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка фактыларын
аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КР УКМК тарабынан кылмыштуу топторду, анын ичинде кылмыш
курамын колдоп, каржылаган адамдарды аныктоо жана аларга бөгөт коюу
боюнча иштер улантылууда.

Loading

От admin