2018 08 16 16 04 44 363973
8 / 100

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамына, “Борбордун статусу жөнүндө” КР мыйзамына, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Шаирбек Ташиев, Айбек Маткеримов.

Демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев мыйзам долбоору Кыргызстандын аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүү алкагында бүтүндөй калктын кызыкчылыгын адилеттүү коргоону камсыз кылуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана конституциялык кепилдиктерди ишке ашыруу максатында иштелип чыккандыгын белгиледи. «Айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде жаңыдан түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктерге байланыштуу тиешелүү аймакта жашаган калктын саны өзгөрдү.Тең өкүлчүлүк принцибин сактоо үчүн жергиликтүү кеңештерде калктын иш жүзүндөгү санына ылайык мандаттардын санын көбөйтүү зарыл», -деп белгиледи Марлен Маматалиев.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Бактыбек Сыдыков, Бекмурза Эргешов Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин санын калктын санын эске алуу менен белгилеген норманы кайра карап чыгууну сунушташты. Депутат Дастан Бекешев жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринен башка айрым кызматтар менен дал келбестиги тууралуу беренеге көңүл бурду.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.

Loading

От admin