1
8 / 100

2024-жылдын 10-сентябрь күнү социалдык тармактарда жана жалпыга
маалымдоо каражаттарында Токмоктогу дүкөндө жол кыймылынын коопсуздугун
камсыздаган кызматкер банандарды алып таразага тартып, андан кийин кайра
аны таштап ордуна башка банандарды алып кеткен видео жарыяланып,
коомчулуктун нааразычылыгы жаралган. Бул боюнча Чүй ОИИББи боюнча ЖКККБ
тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, окуяга тиешеси бар кызматкер
аныкталып, анын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй жазага тартылды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Чүй облусунун Чүй РИИБи боюнча жол
кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кенже тескөөчүсү
милициянын старшинасы Д.А.га өзүнүн кыймыл-аракети менен кызматтык
милдеттерин так аткарбай, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин
аброюна шек келтиргени үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо
органдарынын Тартиптик уставынын,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин
буйругунун  талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн “Ээлеген кызматынан
төмөндөтүү менен бошотуу” тартиптик жазасы жарыяланды.

Ошондой эле, өзүнүн кыймыл-аракети менен кол алдындагы кызматкерлерге
тарбиялык иштерин начар жүгүзүп, кызмат өтөөсүн жеткиликтүү деңгээлде
көзөмөлдөбөгөн анын башчысына Кыргыз Республикасынын укук коргоо
органдарынын Тартиптик уставынын  талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн
  “Сөгүш”  тартиптик жазасы  жарыяланды.

Loading

От admin