227521
9 / 100

Мэрия менен Кайгуул милициясы мектеп, ЖОЖдорго киргизилген жаңы график жолду бир аз да болсо бошотконун айтты

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары окуучулардын 7:30дан, студенттердин 10:00дөн баштап окуусуна каршы болшукан.  Билим берүү министрлиги да бул сунушту башынан эле колдобогонун айткан.

Анткен менен Кайгуул милициясы жана мэрия жаңы график кандай жыйынтык бергенин тизмектеди:

Мектеп окуучуларынын кеминде 40% (болжол менен 80 миң окуучу) мектепке 6:30дан 7:00гө чейин чыгат. Калган 60%ы 7:00дөн 7:30га чейин. Бул эртең менен автоунаалардын бир убакта эмес, бөлүнүп чыгууга мүмкүнчүлүк түздү

Студенттердин окуусу 10:00дө башталгандан бери эртең менен коомдук транспорттун жүгү да азая түштү. Анткени студенттердин көбү 9:00дө чыгат. Азыр студенттердин 30%нын автоунаасы бар. Ошондо эртең менен тыгын 30%га азайды деп божомолдосо болот

Экинчи сменада окуган студенттердин сабагы кеч бүтөт деген нааразычылыкка Кайгуул милициясы коомдук транспорт саат 24:00гө чейин жүрөт деп жооп берди

Loading

От admin