экрана 2024 09 18 161951
9 / 100

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылындагы орто мектептердин биринде окуучулар жеп жаткан кириешкиден курт чыкты. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазды.

Социалдык тармактын колдонуучулары мектептин айланасындагы дүкөндөрдү жаптырууну жана азык-түлүк саткан дүкөндөрдү текшерүүнү талап кылышууда. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү атайын комиссия менен текшерүү иштери жүрөрүн билдирген. Бирок жыл башынан бери текшерүү иштери жүргөн эмес.

Буга чейин ата-энелер Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясы жана Мидин Алыбаев атындагы орто мектебинин айланасындагы дүкөн жана тез татым саткан жайлар эч бир талапка жооп бербестигин айтып, жаптырууну суранышкан.

2023-жылдын октябрь айында Чаек айылында мектептердин айланасындагы коомдук тамактануучу жайлардын, дүкөндөрдүн санитардык абалы текшерилип, эки жайды жаптыруу боюнча милдет айыл өкмөткө жүктөлгөн.

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын атайын түзүлгөн комиссиясы тарабынан райондун борборундагы мекеме-ишканалардын, соода-сатык түйүндөрдүн, коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалы боюнча рейд өткөн.

Рейдде ишкерлерге эскертүү берилген. Мектептердин айланасындагы тез татым жайлары боюнча маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Loading

От admin