hd 1725957025633
8 / 100

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ЖККУга мүчө мамлекеттеринин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин (комиссияларынын) төрагаларынын жыйыны өттү. Жыйынга Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин намояндагон Мажлисинин Укук тартиби, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчысы Рустам Шохмуроддун төрагалык кылды. 

Жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү аймактык жана эл аралык маанидеги маселелерди талкуулашты. Ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндө парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча пикир алмашышты. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Борбордук Азия регионундагы учурдагы аскердик-саясий кырдаал жөнүндө баяндама жасады.

Өз сөзүндө ал катышуучулардын көңүлүн терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү жана аларды трансформациялоо, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, мыйзамсыз миграция жана баңги заттарды жүгүртүү, ошондой эле чек ара коопсуздугун, бажы контролун жана техногендик коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринин актуалдуулугуна бурду. «ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын жакындаштыруу жана шайкеш келтирүү боюнча биздин ишибизди канааттануу менен белгилегим келет», – деген Улан Примов, парламенттердин тынчтыкты жана туруктуулукту колдоодогу ролу чоң экенин белгиледи. 

Ал билдиргендей, парламенттер аралык кызматташтык ЖККУ алкагындагы мамлекеттер аралык мамилелердин маанилүү бөлүгү болуп саналат, буга байланыштуу Улан Примов коопсуздук коркунучтарына жана чакырыктарына биргелешип каршы туруу үчүн бардык эл аралык уюмдар жана өлкөнүн кызыкчылыктарын бөлүшкөн өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүгө кыргыз тараптын даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө улуттук парламенттердин өкүлдөрү техногендик коопсуздукту камсыз кылуу жана табигый кырсыктардын коркунучтарынан коргоо, ЖККУ форматында кол коюлган Эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелерин карашты. Ошондой эле ЖККУ ПАнын 2025-жылга карата иш планын талкуулашты. 

Белгилей кетсек, эртең, 11-сентябрда Координациялык кеңешменин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өтүүчү ЖККУнун «Өз ара аракеттенүү — 2024» биргелешкен командалык штабдык машыгуусуна байкоочу катары катышат.

Loading

От admin