382161
9 / 100

Кыргызстандын жогорку окуу жайлары кыздар үчүн өзүн-өзү коргоо курсун ачууну пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Аралаш мушташ боюнча федерациясынын президенти Нуралы Айдаров билдирди.

Анын айтымында, курсту «Кыргызстандын аялдары жана балдары үчүн өзүн-өзү коргоо курсу» долбоорунун алкагында ачуу пландалууда.

«Учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди ал.

Мындан тышкары, Айдаров долбоордун алкагында чет элдик машыктыруучуларды тартуу пландалып жатканын белгиледи.

image 14

Loading

От admin