экрана 2023 07 20 135447
10 / 100

Базар-Коргон РИИБдин башчысынын милдетин аткаруучу милициянын капитаны Бактияр Мавлянкуловдун демилгеси менен “Өспүрүм түн” аталышындагы рейд өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, түнкү рейд учурунда Базар-Коргон РИИБдин башчысынын орун басары Сагын Каратаев баштаган кызматкерлер эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук жайларды, интернет клубдарын текшерүүгө алышты. Рейддин жыйынтыгында түнкү убакытта максатсыз көчөдө жүргөн 55 жаш өспүрүм аныкталды. Алар менен маектешүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Ал эми 18 баланын ата-энелерине Кыргыз Респбликасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин негизинде протоколдор түзүлдү.

Учурда район аймагында жашоо-шарты оор, окууга барууга мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын так саны аныкталууда.

Loading

От admin