5445380857989816423
8 / 100

UFC чемпиону Грассо менен беттеште атаандашына мүмкүнчүлүк бербей жеңүүнү максат кылганын айтып, Алекса менен төртүнчү кармаштын кажети жок экенин белгилеген.

Бирок мурдагы атаандашы Нуньес менен үчүнчү беттешке чыкмактыгын айткан.

«Нуньес менен үчүнчү ирет кармашка даяр болчумун, бирок ал муну каалабаса керек. Аманда азыр машыгып жүрсө бир жөн (Нуньес карьерасын жыйынтыктаган). Бирок ал бир жылдан бери машыккан жок, ошондуктан менин беттешем дегеним туура эмес болуп калат», — деген Шевченко.

Ал эжеси Антонина Шевченконун уулуна Булат-Лео деген ысым берилгенин айтып, өзүнүн жеке жашоосу боюнча «убакыт көрсөтөт» деп жооп берген.

«Аял тукум улашы керек. Мен баарына каршы болгон феминисттердин бири эмесмин. Кандай жумушта иштеп, эмне менен алектенсең да башкысы аял экениңди унутпашың керек», — деген ал.

Loading

От admin