8 / 100

Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында жалпы 9 — 1 алтын, 2 күмүш, 6 коло медаль жеңип алышты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 13-14-сентябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Монголия, Иран, Пакистан, Таиланд, Афганистан, Түштүк Корея, Япония, Ливан, Кытай, Непал жана Сириянын спортчулары катышты.

Кыз-келиндер арасында 58 кг салмакта Бактыгүл Курманбекова алтын медалга ээ болду.

Ал эми эркектер арасында Автандил Жоомарт уулу (57 кг) жана Токтосун Бегматов (73 кг) күмүш медаль тагынышты. Айтегин Рустам уулу (57 кг), Бектурсун Махмуд уулу (73 кг), Актан Боомбеков, Бекжан Мукашев (88 кг), Сыймык Көчкөнбаев (97 кг) жана Азиреткул Туйчиев (+97 кг) коло медалдарга ээ болушту.

Курама команда башкы машыктыруучу Шамурат Байзаков жана улук машыктыруучу Урмат Токтоналиевдин жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Loading

От admin