8 / 100

Үзүр Жусупбеков 97 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн беттеште египеттик Мохамед Габр менен күч сынашып, аны 2:1 эсебинде жеңди.

Буга чейин Жусупбеков 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венскаитисти 5:1 эсебинде артта калтырса, чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 8:0 эсебинде жеңилип калган. Ал эми коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу таймашта америкалык Жозефь Патрик Рауну 9:4 эсебинде уткан.

Учурда өлкө куржунунда 4 медаль — 1 күмүш, 3 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов коло байге, 97 кг салмак ченинде Үзүр Жусупбеков коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган болчу.

Loading

От admin