Akzhol Makhmudov 2018b
5 / 100

Акжол Махмудов 77 кг салмак ченинде 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулейман менен күрөшүп, 6:5 эсебинде жеңип алды.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов 1/8 финалда америкалык Камал Амир Бэйди 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 3:1 эсебинде утулуп калган.
Андан кийин коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгып, колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде жеңип кеткен.
Учурда өлкө куржунунда 3 медаль — 1 күмүш, 2 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов коло байге жеңди.
Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган болчу.

Loading

От admin