photo1720072590 1
9 / 100

Жол кырсыгына кабылган белгилүү кинорежиссер Турсунбек Усенов көз жумду

Кырсык 1-июлда Токмокко жакын жерде болгон. Анда жеңил автоунаа жүк ташыган Volvo автоунаасы менен кагышып, Үсөнов ооруканага түшкөн. Тилекке каршы, 3-июлда ооруканадан үзүлгөн.

Кинематографияны өнүктүрүү фонду Үсөнов кесиптештери менен тасма тартууга баратканын билдирди. Жабырлануучулардын биринин абалы оор, экинчисиники туруктуу. Кинорежиссерду акыркы сапарга узатуу «Кыргызфильм» киностудиясында өтөт.

Үсөнов «Курманжан датка», «Мунабия», «Шамбала», «Салам, Нью-Йорк», «Аталара керээзи» сыяктуу бир топ белгилүү тасмаларга экинчи режиссер болгон.

Булак: Спутник кж

photo1720072590

Loading

От admin