1000186393 scaled
12 / 100

Бүгүн, 23-июлда Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин «Жашыруу күндөлүк — күзгү артындагы жашоо» аталыштагы сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өттү.

Көргөзмөдө сүрөтчүнүн өткөөл мезгили, зордук-зомбулукка кабылган күндөрүнүн образдары кенен чагылдырылып, аялдар темасына өзгөчө көңүл бурулган.

Иш-чарага ЖКнын мурдагы депутаты, коомдук ишмер Махабат Мавлянова демөөрчүлүк кылып, ал эми белгилүү журналист жана медиа эксперт Гүлзада Шаршеналиева уюштурган.

Аталган көргөзмөнүн максаты — зомбулукка кабылган аялдардын портретин гана көргөзбөстөн, чыгармачылык аркылуу стресстен, депрессиядан чыгып кетүүгө мүмкүн экенин далилдеп, аларды шыктандыруу максатында уюштурулган.

Эске салсак, бул көргөзмө 2-августка чейин уланат.

Loading

От admin