MyCollages 30
10 / 100

2024-жылдын 24-июнунда Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги тарабынан Аламүдүн районунун Чуңкурчак жайлоосундагы “Супара-2” этно-комплексинде кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине арналган жана ошондой эле Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын өнүктүрүү максатында “Ыр кесе” маданий иш-чарасы өткөрүлдү.
Бул иш-чарага ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Алишер Барпиев, Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов, анын орун басарлары, башкармалыктын кызмат жана бөлүм башчылары, Бишкек шаардык ИИББнын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев, анын орун басарлары, Чүй облусунун ШРИИБдин башчылары, ардагерлер жана Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери катышышты.
Иш-чаранын башталышында Чүй облусунун ИИББнын башчысы Каныбек Абдырахманов ардагерлерди, катышуучуларды жана конокторду келе жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун коргоо боюнча түздөн-түз кызматтык милдеттерин аткаруу менен бирге, улуттук баалуулуктарды сактоо боюнча таланттарын көрсөтө алышарын белгиледи.
Ошондой эле бул иш-чарада Чүй облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Кабылбек Бешимбаев бул иш-чаранын өтүп жаткандагы маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөнүн маданий мурастарын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталгандыгын кошумчалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө ыр-бийлер аткарылып, “Манас” эпосунан театралдаштырылган үзүндүлөр көрсөтүлүп, Ыр кесенин жүрүшүндө тогуз коргоол, кыз куумай, күрөш жана башка улуттук оюндар тартууланды.
Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн “Ыр кесе” Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына узатылды. Бишкек ШИИББдин башчысы, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев ыраазычылыгын билдирүү менен кабыл алып, бул иш-чара мындан ары да улантыларын белгиледи.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Loading

От admin