photo1719401435 2
10 / 100

Бүгүн, 26-июнда «Ала-Арча» резиденциясында Саламаттык сактоого инвестиция боюнча Борбор Азия эл аралык форуму болуп өттү.

Иш-чаранын башында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөдү:

«Биздин Борбордук Азия чөлкөмү учурда жалпы өсүү учурун жана өнүгүүнүн жаңы этабын баштан кечирүүдө. Эгемендүү өлкөлөр катары биз саламаттыкты сактоо, көптөгөн ооруларды азайтуу же жок кылуу, ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн азайтуу, жашоонун узактыгын жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Президент Жапаровдун жетекчилигинин аркасында үч жылда Кыргызстанда мамлекеттик кирешелер 2,5 эседен ашык көбөйүп, ИДПнын орточо 8% өсүшүн көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө биз бүткүл инфраструктураны түп-тамырынан бери жаңылоону көздөп жатабыз, биз саламаттык сактоого чыгымдарды эки эсеге көбөйттүк жана келерки аптада биз бул тармакка мамлекеттик колдоону кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды жарыялайбыз», — деди Эдил Байсалов.

Иш-чара Кыргызстандын президентинин патронажында жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык бюросу жана КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулууда.

Борбордук Азиядагы саламаттык сактоо инвестициясы боюнча эл аралык форум Борбордук Азиядагы ДСУга мүчө бардык беш мамлекетте туруктуу өнүгүү үчүн саламаттык сактоо инвестициясынын трансформациялык потенциалын көрсөтүүдө эл аралык, аймактык жана улуттук кызыкдар тараптарды бириктирет.

Иш-чара Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келген мыкты тажрыйбаларды жана инновациялык саламаттыкты инвестициялоо стратегияларын көрсөтүүгө багытталган.

Loading

От admin