WhatsApp Image 2023 07 14 at 13.48.30
12 / 100

Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тартип бузгандар менен күрөшүү иштерин улантууда.

Таштанды аянтчаларынын болгонуна карабастан шаардыктар таштандыларды көчөгө ташташууда.

2023-жылдын 13-июль күнү таңкы саат 07:00дөн баштап шаардын көрктөндүрүүнү жана таштандыларды белгиленбеген жайга таштоо  жана башка эрежелерди сактабоо фактылары боюнча пландуу рейд жүргүзүлүп, муниципалдык инспекция тарабынан 92 миң сомго 7 протокол түзүлдү.

Эреже бузуучулардын тизмеси:

— «Бимед Фарм» ЖЧКсына таштандыларды белгиленбеген жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом айып пул салынды;
— «Аманбанк» ААКына таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом айып;
— «Милан Групп компаниялары» ЖЧКсы таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 17 000 сом;
— «Гемени плюс» ЖЧКсы чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабаганы үчүн 13 000 сом өлчөмүндө;
— Белгиленбеген жерге таштанды чыгаргандыгы үчүн 5500 сом өлчөмүндө «Ассорти Шаурма» фастфудуна;
— И.П.Коңурбаева Э.га таштандыларды белгисиз жерге чыгаргандыгы үчүн 17000 сом;
— Белгисиз жерге таштанды чыгаргандыгы үчүн «Мамалак» дүкөнүнө 5500 сом айып пул салынды .

Ошондой эле таштандыларды белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн бардык эреже бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Объекттин айланасында радиусу 10 метр аралыкта тазалык эрежелерин сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, 3 миңден 13 миңге чейинки өлчөмүндө  жана 115- берененин 1-бөлүгүнө ылайык 5,5 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып пул  каралган.

Урматтуу шаар тургундары! Шаардын аймагында тазалык эрежелерин бузуу фактыларын байкасаңыз,  инспекциянын 0 (312) 62-06-18   номерине билдирүүңүздү суранабыз.

Loading

От admin