ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сѳз кызматы маалымдагандай, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасынын кызматкерлери милициянын кенже сержанты Мотоев Мадияр жана милициянын сержанты Мадали уулу Мелис бүгүн саат 10:00  чамасында Ай-Сай айыл аймагындагы кайгуул-күзѳт кызматын алмаштырууга бара жаткан учурда,
Баткен районунун Кѳк-Таш айылынын кире беришиндеги чоң каналда агып келе
жаткан аялды кѳрүп калышкан. Ошол замат 2 милиция кызматкери сууга
секирип киришип, аялды куткарып калышкан. Андан соң куткарылган аялды
ооруканага алып кетишкен. Куткарылган аялдын учурда абалы жакшы.

От admin