Фейсбук колдонуучсу Назгүл Насиева өзүнүн баракчасына Бишкекте болгон окуяны жазды. Анда ал саат 13:40 тар чамасында жолдун боюнда күйөсү аялын сабап жатканын көрүп жардам бергендигин жазган:

«Жолдун бою, машинелер зуулдап ары-бери өтүп турат. Саат 13 40 та үйгө келсем, чачтары саксайган, кийимдери, колдору, буттары канга боёлгон, кашы жарылган, бети башы көгала аялды көрүп, эсим ооп калды. Машинемден түшүп келип аялга жардам берейин десем, күйөсүнүн да, аялынын да оозунан арак буркурайт. Бирок бомждор эмес, жакшынакай эле түгөйлөр экен. Байкуш балдарынын жүрөктөрү түшүп калган, көздөрү алаңдап. Милиция чакырайын десем аялы өз ыктыяры менен “башым жарылса да мейли эже, милиция чакырбаңыз” деп, жетелешип кетип калышты. Камерадан карасам 12 33 тө таксиден түшүп (таксист менен уруша кетип, айдоочу түшүрүп салган сыяктуу). Эки саат бою ызы-чуу болушуптур. Акмаксыңар! Бөөдө балдардын убалына каласыңар го! Эл көрсүн! Уятсыздар! Жок дегенде өзүңөрдү көрүп намысыңарга келээрсиңер! Күйөөсүнүн аты Руслан экен😡. Үй-бүлөлүк кордук, зомбулук дагы кээде өздөрүнө жараша, к-ө тараша болчулар бар. Бирок ушундай ысыкта эки баланын убалы кимге?! Эки сааттан бери ата-энесинин оозунан чыккан жаман сөздөрдү угуп, апасын сабаган эшек,зөөкүр, мыкаачы атасынын кордугун көрүп чоңойгон балдардын психикасы не болду?! Балдар үйлөрүн жабабыз дегендер, бальким билбейт го, кор болгон бөбөктөр, мамлекет тарабынан коргоого алынышы абзел!!!»,-деп жазган ал.

От admin