Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Касымов Руслан Адылбекович жана келинчеги Орунбаева Акмөөргө издөө салат.

Аталган жубайлар 2023-жылдын 6-июнь күнү Ош шаарында орун алган Бий-Ордо мейманканасынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Касымов Русландын өзгөчө белгилери:
Болжол менен боюнун узундугу 160-165 см., арык келген, ак жүздүү, моюн тарабында калы бар, он же сол колунун алаканында үстүндө тырыгы бар, сол колунун чыканак бөлүгүнүн үстүндө колунун сынгандан калган тырыгы бар, башка өзгөчө белгилери жок,
Кийген кийимдери: үстүнө кара түстөгү спорттук кийим шымы менен бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим(красовки).

Орунбаева Акмөөрдүн өзгөчө белгилери:
Болжол менен боюнун узундугу 155-160 см., арык келген, ак жүздүү, кашы көзү кара, жолук оронуп жүрөт (хиджап) башка өзгөчө белгилери жок,
Кийген кийимдери: Белгисиз.

«Жогоруда аты аталган жарандарды көргөн билгендер болсо Ак-Буура милиция бөлүмүнө же болбосо төмөндөгү телефон номерлерге билдирип коюшунуздарды суранабыз«,-деп айтылат маалыматта.

Тел: (+996) 559-199-090, (+996) 551-621-041, (03222) 6-64-02

От admin