Барыбызга маалым болгондой, тартип сакчыларынын жумушу оор жана жоопкерчиликтүү. Төмөндө өз кесибин сүйгөн, 7 өмүрдү сактап калган, милициянын прапорщиги, Балыкчы ШИИБдин КККнын нөөмөт бөлүмүндө нөөмөткер жардамчы болуп эмгектенген Улан Канатбекович тууралуу кеп болмокчу.

*Өмүр баяны

Курманалиев Улан Канатбекович касиеттүү Ысык-Көлдүн “алтын дарбазасы” аталган Балыкчы шаарында 1987-жылы туулган. Адам баласынын турмушундагы эң таттуу күндөр – бул балалык эмеспи. Каарманыбыздын бактылуу балалыгынын издери, оюнга тойбогон өспүрүмдүк курагы өзүнүн киндик каны тамган Балыкчыда өткөн. С.Каралаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепте билим алып, тең-туш, жоро-жолдоштору менен окуучулук курактын сөз менен айтып жеткире алгыс кызыктуу доорун сүрүп, уядан учкан куш сымал, мектепти аяктап, турмушта өз ордун табуу үчүн, алдыга карай бет алат. 2006-2007-жылдары Мекен алдында аскердик ыйык милдетти аткаруу үчүн, ИИМ ички аскеринин 715-бригадасында аскердик кызматын өтөгөн. Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясын 2014-жылы сырттан окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы Былыкчы шаардык ички иштер бөлүмүндө иштөөдөн баштаган. Кийин Ысык-Көл ОИИБ кайгуул күзөт кызматында да эмгектенип, өзүн ак ниет кызматы менен бир топ жетишкендиктерге жетишип, өздүк курам ичинде кадыр-баркка татыган.

Азыркы учурда милициянын прапорщиги Улан Канатбекович Балыкчы ШИИБдин КККнын нөөмөт бөлүмүндө нөөмөткер жардамчы болуп эмгектенет.

*Үй-бүлөлүк абалы

Өмүрдүн ачуу-таттуусун бирге татып, жашоонун ысык-суугун бирге көтөрүп келе жаткан өмүрлүк жары Гүлзат Эсенбек кызына 2018-жылы баш кошкон. Бир-бирине жарашкан таттуу түгөйлөр учурда бир уул, бир кызды татыктуу тарбиялашат. Аны менен катар, экөө тең элине ак кызматын өтөп, талыкпай мээнет кылып, алдыга койгон бийик максаттарга бирге жетүүгө аракет кылып келишет. Жубайы Гүлзат жолдошун адамгерчиликтүү, жумушуна так, жоопкерчиликтүү инсан, үй-бүлөгө кайрымдуу жар жана балдарына камкор ата катары мүнөздөйт.

* Кара түтүн каптаган каргашалуу түндөгү Улан мырзанын каармандыгы

2023-жыл, жай айынын алгачкы күнү, түнкү саат 3кө чамалап калган кез, шаар ичи тынч, эл мемиреген тынч уйкуда. Кандайдыр кырсыкты жүрөгү сездиби, же адамдарды ажалдын оозунан сууруп алууну Жараткан бешенесине жазып койгонбу, айтор каарманыбыз дал ушул түнү, дал ушул саатта сыртка дем алганы чыгып, алыстан көп кабаттуу үй тараптан анча анык эмес түтүн чыгып жатканын көрөт, себеби түтүндү түнкүсүн даана ажырата көрө билүү оңой эмес эле. Дээринен зирек, иш дегенде ичкен ашын коё койгон Улан мырзага жай алып, тынч жатып алууга санаасы жол бербей түтүн чыккан тарапты карай бет алып, аныгын билип келүүгө шашыла жөнөйт. Балыкчы шаарынын дал ортосу, С.Каралаев көчөсүндө жайгашкан №50 көп кабаттуу үйдүн, 2-подъездиндеги 1-кабаттын балконунан өрт чыгып, жалын каптап жатканын көрөт. Дароо 101 кызматына чалып, үйдүн эшигин такылдатып, ичиндеги адамдарды уйкудан ойготуп, тышка чыгарууга аракет кыла баштаган. Эшикти ачып, эч нерседен бейкапар уктап жаткан эки чоң киши жана беш кичинекей баланы ойготуп, сыртка чыгарып, тез жардам чакырып, кырсыктан жабыркагандарды ак халатчандардын колуна өткөрүп берген. Белгисиз себептерден улам чыккан өрт 3-кабатка чейин жеткен. Өрт өчүрүү кызматы тилсиз жоону 1,5-2 саатта толук өчүрүүгө жетишкен. Бактыга жараша тилсиз жоодон адамдар өз убагында куткарылган. Бул жетишкендик менен Курманалиев Улан Канатбекович ички иштер органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерди аткарууда “Кызматыбыз эл үчүн” деген ураанды жана жогорку моралдык ченемдерди туу тутуп, жеке адамдык парзын гана аткарбастан, адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралганда кайдыгер карабай, өзүнүн милдеттерин так жана абийирдүүлүк менен аткарып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, өмүрлөрдү сактап калганга өзүнүн эбегейсиз зор салымын кошкон. Каарманыбыз ал жерге чуркап келип калбаганда, 5 же андан көп адам өмүрү менен кош айтышуусу жана өрт өтө чоң масштабга ээ болуп кетсе, андан чоң адамдык жана материалдык жоготуулардын болушу анык эле.

Балыкчы ШИИБдин КККнын Нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткер жардамчысы, милициянын прапорщиги Курманалиев Улан Канатбековичтин жогорудагы эрдиги коомчулук жана жетекчилик тараптан жогору бааланып, КРнын ИИМнин сыйлыгына татыйт деген терең ишеничтебиз!

Назик МАРАТОВА

От admin