
.
5-октябрда өтө турган «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылышына арналган шоу-концертке акысыз билеттер ticket.gov.kg сайтына жарыяланды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, каалоочулар учурда сайт аркылуу каттоодон өтүп, билет ала алышат.
Алгачкы этапта 10 миң билет берилет. Билеттер бир убакта толугу менен эмес, этап-этабы менен ар кандай санда жеткиликтүү болот. Бул мүмкүн болушунча көп жаранга билет алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында уюштурулган.
Ошондой эле иш-чарада коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Face ID системасы колдонулат. Каттоодон өткөн жаран стадионго жүзүн таануу аркылуу кирет.