
Талас облусунда бир күндө 29 жаңы кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, спорттук объектилер президенттин фондунун каржылоосу менен курулган. Алардын алтоосу Талас шаарында, сегизи Манас районунда, жетиси Айтматов районунда, үчөө Бакай-Ата районунда жана бешөө Талас районунда жайгашкан.
Жаңы курулган футбол аянтчалары жергиликтүү бийликтин балансына өткөрүлүп берилип, жалпы элдин пайдалануусуна кызмат кылат.
Долбоордун негизги максаты – жаштарды сергек жашоого үндөө, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана заманбап шартта машыгууга мүмкүнчүлүк түзүү.