
спорт
Өзбекстанда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын дагы төрт спортчусу жарым финалга чыкты.
15 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан “World Boxing” турнири ушул күндөрү Ташкент шаарында уланууда.
6-май күнү чейрек финалдык беттештер болуп, Кыргызстандан алты боксчу рингге чыккан. Алардын ичинен Умар Асанбаев, Азиретали Санжарбеков, Абдулазиз Абдумажитов жана Аруунбек Кеңешбеков атаандаштарын жеңип, жарым финалга жолдомо алышты.
Мындан мурда дагы эки кыргызстандык спортчу жарым финалга чыккан болчу.
6-майдагы жыйынтыктар төмөнкүдөй болду:



