
шектүү
Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, 5-май күнү милицияга борбор калаада белгисиз адам синтетикалык баңгизаттарды сатып жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши катталып, 1988-жылы туулган Б.У. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Аны тинтүү маалында кара түстөгү баштыкка салынган, синтетикалык баңгизат камтылган 43 таңгак табылган.
Ошондой эле шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде алдын ала жашырылган “закладкалар” табылып, ал жерлерден дагы 50 таңгак алынган. Натыйжада жалпысынан 93 таңгак баңгизат алынганы белгилүү болду.
Экспертизанын жыйынтыгында алынган заттар синтетикалык баңгизат экени аныкталган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.