
сүрөт интернет булактарынан колдонулду
Канатбек Чыныбаев Баткен облусу аймагында сел коркунучу бар жерлердин абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, министр Баткен районундагы Ак-Татыр айылына барып, сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө иштери менен жеринде таанышты.
Ошондой эле 13 миңден ашуун калк жашаган Бужум айылында жаңы конушту табигый кырсыктардан коргоо үчүн тосмо куруу зарылдыгы белгиленди. Бул маселе боюнча жергиликтүү тургундар Элдик курултай учурунда өлкө башчысына кайрылуу жолдошкон. Министр объект менен таанышып чыгып, тиешелүү документ иштерин тез арада бүтүрүү тапшырмасын берди. Ал коргоо чаралары ӨКМдин “сел жана суу ташкындарынан коргоо” багыты боюнча ишке ашырыла турганын айтты.
Андан тышкары, Таян айылындагы “Ысырык жай” аймагында болжол менен 100 метрлик сел тосмо куруу зарыл экени аныкталды. Жергиликтүү бийлик тарабынан долбоордук иштер аткарылгандыктан, бул аймакты сел коркунучунан коргоо ӨКМ тарабынан жүзөгө ашырылары белгиленди.
Ошондой эле 30-апрелде Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы Тамаша сайында сел жүрүп, ал жер ички чарбалык жол катары колдонулгандыктан кооптуулук жогору экени айтылды. Бул жагдай райондук аким менен жеринде талкууланып, коргоо иштерин биргелешип жүргүзүү чечими кабыл алынды.