
УКМК билдиргендей, Садыр Жапаров койгон милдеттердин алкагында укук коргоо органдарын коррупцияга аралашкан кызматкерлерден тазалоо боюнча системалуу иштер жүрүүдө.
Маалыматка ылайык, УКМК, ИИМ жана прокуратура органдары биргелешип, мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана тартипти камсыздоого багытталган чараларды ишке ашырууда. Мекемелер ортосунда эч кандай тирешүү жок экени баса белгиленди.
Негизги максат — мыйзам бузган кызматкерлерди аныктап, жоопкерчиликке тартуу жана жарандардын ишенимин жогорулатуу. Мыйзам баарына бирдей экени айтылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган ар бир адам жоопко тартылары эскертилди.