
2026-жылдын 8–12-апрель күндөрү Кытай Эл Республикасынын Мэйшань шаарында спорттук аскага чыгуу боюнча Азия чемпионаты болуп өттү.
Мелдешке Азиянын 12 өлкөсүнөн 215 спортчу катышып, жогорку атаандаштык көрсөтүштү.
Бишкек шаарынан С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары катышып, Кыргызстандын курама командасынын курамында «ылдамдыкка чыгуу» дисциплинасы боюнча күч сынашты.
Ошондой эле Улуттук олимпиада комитети аркылуу команда Пляж оюндарына катышууга аккредитация алып, спортчулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөттү.