
19-апрелде Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда АФК Чакырык лигасынын чейрек финалдык оюну өтөт. Анда ата мекендик «Мурас Юнайтед» клубу Ливандын «Аль-Ансар» командасы менен кез келет.
Мелдеш саат 18:00дө башталып, негизги оюн 20:00дө старт алат. Күйөрмандар үчүн атайын шоу-программа, оюн-зоок жана интерактивдүү аянтчалар уюштурулат.
Ошондой эле бул күнү саат 15:00дө Омандын «Аль-Шахаб» клубу менен Кувейттин «Кувейт SC» командалары да чейрек финалда беттешет.
Жеңген командалар 22-апрелде кайрадан Бишкекте жарым финалга жолдомо үчүн ойношот. Финалдык беттеш 13-майга белгиленген.