
«Ак Илбирс» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Үсөн кызы Акак самбо боюнча Дүйнө кубогунда ийгиликтүү чыгып, 54 кг салмак категориясында 3-орунду ээледи.
Эл аралык мелдеш 2026-жылдын 10–12-апрелинде Армениянын Ереван шаарында өтүп, ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн күчтүү самбочулар катышты.