
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жактоочу кармалды.
Маалыматка ылайык, А.М.Р. аттуу жактоочу жаранды алдап, анын жакынын кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөктөшөм деп убада берип, 15 миң АКШ доллары жана 200 миң сом алган.
Бирок ал өз милдеттенмелерин аткарбай, акчанын бир бөлүгүн гана кайтарып берген. Натыйжада 10 миң доллар жана 200 миң сом мыйзамсыз өзүндө калып, жабырлануучуга олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, 9-апрелде шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.