
Ысык-Көл облусунда юридикалык кызмат көрсөтүү тармагындагы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Балыкчы нотариалдык округунун жеке нотариусу кармалды. Бул тууралуу КР УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 1983-жылы туулган К.Ж.З. аттуу нотариус кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында ал өз пайдасын көздөп, мыйзамсыз баюу максатында кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин мыйзамсыз жол-жоболоштурганы аныкталган. Документтерде тараптардын кол тамгалары жасалмаланганы белгилүү болгон.
Такталгандай, бүтүм мүлктүн мыйзамдуу ээсинин кабарысыз жана анын катышуусусуз түзүлгөн. Натыйжада жабырлануучу өзүнүн менчик укугунан мыйзамсыз түрдө ажыратылган.
КР УКМК жарандарды мыйзам бузууларга кайдыгер карабоого чакырып, ушундай фактылар боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга болорун билдирди: +996 (3922) 51180, +996 555 540052.



