
КР УКМК тарабынан 2026-жылдын 27-мартында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Якын-Инкар" ДЭУнун 9 мүчөсүнө карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
видео
Иш-чаранын жүрүшүндө расмий мусулман дин өкүлдөрү катышуучуларга диний ажырымга жол бербөөнүн маанилүүлүгүн жеткиришти. Ошондой эле коомдук ынтымакты сактоонун зарылдыгын баса белгилеп, ханафий масхабы жана матуриди ишенимине негизделген салттуу исламды кармануунун маанисин түшүндүрүштү.
Мындан улам, "Якын-Инкар" ДЭУнун мурдагы мүчөлөрү аталган уюмдан өз ыктыяры менен баш тартып, ишенимдеринин зыяндуу жана ката экенин моюнга алып, өкүнүчтөрүн билдиришип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана жоболорун, Уламалар кеңешинин чечимдерин жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын талаптарын аткарууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле алар өздөрүнүн колдоочуларын жана жактоочуларын "Якын-Инкар" ДЭУнун идеяларынан баш тартууга чакырышты.
"Якын-Инкар" уюмуна Кыргыз Республикасында 2017-жылдан бери тыюу салынган.
Учурда КР УКМК "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды мыйзамсыз миссионердик иш-аракеттер үчүн каралган кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.


