
Бишкек милициясы кабарлагандай, калаада автоунааларды сатуу шылтоосу менен алдамчылыкка шектүү кармалды.
Милицияга өткөн жылдын 26-июлунда жаран арыз менен кайрылып, анда А.Р.га карата чара көрүүнү суранган.
Анын айтымында, 2025-жылдын 10-сентябрында шектүү ишенимге кирип, BMW X5 үлгүсүндөгү автоунааны сатуу шылтоосу менен алдап алып кеткен. Кийинчерээк автоунаа үчүнчү жакка сатылып, түшкөн акчаны шектүү өз кызыкчылыгына пайдаланган.
Бул факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 48 жаштагы А.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.