
.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков турак жайды ижарага алуунун баасы өтө жогору болуп жаткандыгы тууралуу маселени көтөрдү.
Ал республика боюнча курулуш иштери жигердүү жүрүп жатканына карабастан, ижара акысы дагы деле кымбат бойдон калып жатканын белгиледи.
"Жаш үй-бүлөлөргө жана кирешеси аз үй-бүлөлөргө турак жайды ижарага алуу кыйынга турууда. Кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу бизде ижара баасы кымбат. Сиздер бааларды кантип жөнгө салып жатасыздар?" — деп суроо салды депутат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мамлекеттик ипотекалык компанияда ислам каржылоо принциптери боюнча программа ишке ашырылып жатканын билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында курулган турак жайларды кийин сатып алуу шарты менен ижарага берүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору парламент тарабынан ратификацияланган.
"Ислам фонду менен 200 млн доллар өлчөмүндө каржылоо боюнча макулдашууга жетишилген. Азыр фонд каражаттын көлөмүн 400 млн долларга чейин көбөйтүүгө даяр. Биз бул ресурстарды тартууга даярбыз, анткени долбоор пайдалуу болот деп эсептейбиз", — деп баса белгиледи Амангелдиев.
